www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баш мыйзам жазган бул-сыймык, азыркы мыйзамды жазгандар качпай, коомго ачык чыгышы керек. Мындай пикирди “Ак калпак” саясий партиясынын лидери Улукбек Маматаев NazarNews маалымат агенттигине акыркы болгон саясий окуялар тууралуу маек куруп жатып билдирди.

-- “Биздин Баш мыйзам бүгүнкү күндө көйгөйгө айланды. Бирок азыр Текебаевдин жазганы менен жашап жатыбыз. Биз сыйлашыбыз керек. Конституция кадимкидей отурум болуп, баары кеңешип жазышкан. Бул бир адамдын жазганы деген туура эмес. Ал эми азыр жазылган мыйзамды ким жазгандарын ачык айтпай тайсалдап качып жатышат. Бул туура эмес, коомчулукка мен жаздым деп ачык чыгып, өзүнүн оюн айтышы зарыл. 80 депутат колдогону айтылып жүрөт, алардын атын атап ачыктасын. Мындай кылганы коомчулукту алдаганга жатат десем туура болот.  Конституцияны жазгандан уялбашы керек. Жакшы жазылса ал кайра сыймык болушу керек.  Кыргызстанда тескерисинче депутаттар Башмыйзамды жазбаганын айтып качып жатышат. Бектур Зулпуев Баш мыйзамды жазбаганын ачык жар салды. Мен деле анын жазганына ишенбейм. Ал эми Мирлан Бакиров "жазган эмесмин, окуп эле чыккам" дейт. Депутат баары эле актанып башташты. Коомчулук мындай баш айланткан окуяларга жол бербеши зарыл” - дейт Улугбек Маматаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости