www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусундагы Эңилчек тоосунан табылган адамдын жансыз денесине жүргүзүлгөн экспертизанын корутундусу чыкты. Маркум — Сергей Смирнов 2019-жылы «Хан-Теңири» лагеринде 2 адамды өлтүрүүгө шектелип, изделип жаткан.
Смирнов кандуу окуядан кийин курал менен тоолордун арасына качып кеткен. Аны издөө иштерине бир катар органдар катышып, жыйынтык болгон эмес. Анын жансыз денеси 9 айдан кийин тоодон табылып, жанынан ок атуучу курал (карабин) алынган. Ал өз өмүрүнө кол салып, башына ок аткан.
Ысык-Көл ОИИБ маркумду кийимдери аркылуу күбөлөр тааныганын билдирди.
4-июлда болжол менен саат 12:20 чамасында Ак-Суу РИИБдин нѳѳмѳт бѳлүмүнө билдирүү түшкөн. Анда Эңилчек жайлоосунда жайгашкан «Хан-Теңири» альпинисттик лагердин башчысынын орун басары — 1970-жылы туулган А.Д. атып өлтүрүлгөндүгү маалымдалган.
Билдирүү боюнча Ысык-Көл ОИИБдин жана Ак-Суу РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан. Териштирүү учурунда «Хан-Теӊири» лагеринде кароолчу болуп иштеген Түп айылынын 29 жаштагы тургуну С.Сергей «Вепрь» үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ашканага кирип, лагердин башчысынын орун басарын төшүнө, ошол эле жерде иштеген Каракол шаарынын 31 жаштагы тургуну М.К.ны ичке аткандыгы аныкталган.
Окуя болгон учурда ашканада тамактанып отурган жылкычы — Түп районунун Тасма айылынын 33 жаштагы тургуну И.У. Сергейди кармоо аракетин көргөндө анын колуна бычак сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. А.Д. окуя болгон жерде каза болуп, ал эми М.К. чек ара тозотуна медициналык жардам көрсөтүү үчүн алып бара жаткан жолдон көз жумган.
Окуя боюнча жүргүзүлгөн териштирүү учурунда С.Сергей адамдарды атып өлтүргөндөн кийин ошол жердеги чумага каршы мекемеде иштеген Каракол шаарынын 48 жаштагы тургунун (Л.И., аял киши) барымтага алып, окуя болгон жерден качып кеткендиги аныкталган. Аталган факт Ак-Суу РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) менен сотко чейинки ѳндүрүш иши башталган.
Андан кийин барымтага алынган аял аман-эсен табылган болчу.
28 жашында көз жумган Сергей Смирнов Түптө төрөлүп, балдар үйүндө өскөн. Ал көп жылдар бою туристтерди тоолорго жеткирип тургандыктан, ошол аймактын сырын жакшы билген. «Тур Хан-Теңгри» лагерине жумушка 2019-жылдын жазында кабыл алынган.
Алгач Дөөлөт Азимкулов менен Эңилчекте таанышып, жумушка алууну суранганы айтылган болчу.
Булак: NazarNews.kg