www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Угулбай калган бешик ыры
Айзаданы жалгыз бой энеси канаттууга кактырбай бапестеп чоңойтту. Азыркы кыйналып турган абалын көрүп, «дарыгерге кайрыл» деп кыстап жатты.
Мектепти эми эле бүткөн кызы кош бойлуу болуп калганын апасы кокусунан билип калса, кандай абалда болорун Айзада элестетип алып, тыбырчылап, журөгу кысылып, айласы кетип жатты.
Али кыймылга келе элек курсагын кармалайт. Ушунчалык таттуу махабатынан жаралган ымыркайын аяйт. «Ымыркайым, кандай жол издесем да, мен сени жарык дүйнөгө алып келе албайт окшойм. Апакеңдин бешик ырын, булбулдардын сайраганын укпай, караңгылыктан караңгылыкка жол тартасыңбы?» деп түйүлдук менен сүйлөшүп жатты.
Түркүн жол издеди. Бир убакта бир чечимге келип, пальтосун кийип, моюн орогучун оронуп, сыртка чыкты. Апасы менен бөбөгу бейкапар уйкуда эле. Коркунучтуу түндө жалгыз баратты.
Жүрөгүн бир таарыныч менен сагыныч кескилеп, жаман ойго түртүп баратты. Ал өлүмдү издеп баратты...
Булак: "Азия News" гезити