www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Сайдулла Нышанов, - “Алдыдагы 2020-жылдын 1-январынан тартып жаңы курула турган коомдук тамактануучу жайларга буюртма кылынган тамак –аштар кардардын көз алдында ыкчам даярдалышы керек деген талап коюлса, жакшы болмок. Ушул сунушту көтөрүп жатам. Мындай ыкма Кореяда колдонулуп келе жатат. Демек, ал жерде тазалык, саламаттык жагынан маселе жаралбайт”, - дейт бүгүн, 18-январда “Парламент” радиосунун азык – түлүк коопсуздугу тууралуу талкуусуна катышып. 

Коом өзгөрүп жатканда таза жана сапаттуу тамактануунун маданияты да улам жаңыланууда. Бул жагына олуттуу маани берилиши керек, - деген депутат, - “Айрым коомдук тамактануучу жайлардын ээлери өздөрү жөнөкөй эле салаттардын жуулбай даярдалышы мүмкүн, -деп кооптонуп жаткандыгын мисалга келтирип, ошол тармактын ээлери өздөрү чоочулап жатышса, калган сыртта турган кардарлар терең ойлонушу мүмкүн” , - дейт. Эгер ошондой болсо, улуттун саламаттыгына убагында кам көрүшүбүз керек. Болбосо, геппатиттин ар кандай түрлөрү чыгып, жайылып кетүү коркучу жаралышы ыктымалдыгын кошумчалады, -эл өкүлү.

Ошол эле уктурууга катышкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов, - “Кыргызстандын айыл – чарба продукцияларын экспорттоо чөйрөсүн кеңейтүүдө. Акыркы жылдары балык чарбасы да жакшы жыйынтыктарды бере баштады.Ушундай өз өндүрүмдөрүн сыртка чыгарып жаткан балык менен иштеген 10 жаңы чарба пайда болду”, - дейт. 

ЕАЭБдин аймагына өз продукцияларын экспорттоп жаткан ишканалардын катарында сүт өндүрүүчү компаниялардын дагы 15и бар. Эт азыктарын да эскпорттоп жаткан ишканаларыбыздын жаңы 5 өкүлчүлүгү да катталды. Бул тууралуу кеңири маалымат берген К.Жумаканов ошондой эле угармандардын мал жандыктарын идентификациялоо боюнча суроолоруна да жооп берди деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости