www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  Казакстан Республикасынын Актюбинск облусундагы трагедиялуу окуянын кесепетинен Өзбекстан жарандары каза болгондугуна байланыштуу Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты.

“Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана өз атымдан Казакстан Республикасынын Актюбинск облусундагы трагедиялуу окуянын кесепетинен Өзбекстан Республикасынын  жарандары каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, колдоо көрсөткөн сөздөрүмдү, жабыркагандар тез арада сакайып кетишин кааларымды жеткирип коюңузду өтүнөм. Орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөбүз”, - деп белгиленет телеграммада.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости