www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эң башкысы борбордун көйгөйү менен жакындан тааныш, аны чечүүнүн жолдорун билген кесипкөй кадр керек. Мындай пикирин белгилүү журналист Сайпидин Султаналиев бүгүн, 10-февралда өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Борбордо абал оор... Буга чейин деле аксап келе жаткан калаада төртүндөгү элдик төңкөрүштөн кийин экономиканын абалы төрт бутунан тушалган аттай абалга кептелди. Карапайым калкты бир жагынан калааны каптаган кара түтүн муунтса, экинчи жагынан эки эселеп өсүп бара жаткан азык-түлүктүн баасы муунтуп жатат. Мындай кырдаалдан чыгаруу оңой иш эмес. Муну өлкө башчыбыз деле түшүнүп турат деп ойлойм.

Учурда чечкиндүүлүк керек. Бишкек шаардык Кеңешинин депутаттары деле бир адамды эмне дейт, кандай чечим кабыл алат, сунуштаса эле колдой калалы дегендей тиктеп турат. Учурда калаа башчылыгына мыкты, иш билги кадрдын кызматка келүүсү гана кырдаалды жөнгө салат... Эң башкысы борбордун көйгөйү менен жакындан тааныш, аны чечүүнүн жолдорун билген кесипкөй кадр керек. Андай кадр Балбак Түлөбаев болучу. Кыргыз эли «Ашууда ат алмаштырбайт» - дечү. Ансыз деле жайга жетпей баары алмашат эле да... Бул «ат» Өкмөт башчы экөөбүзгө жакпаган менен көпчүлүк шаардыктар анын жасап жаткан аракетине оң бааларын берип жатышкан. Андыктан «ӨкүмАт» өзүнө жаккан адамды сунуштай калбай элдин ою менен эсептешсе жакшы болмок... Шаардыктар үчүн Өлкө башчыга же Өкмөт башчыга гана жаккан кадр мааниге ээ эмес...», - деген пикирин калтырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости