www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттө «Менин үйүм 2021-2026» долбоору тартууланды

Премьер-министр Улукбек Марипов жумушчу кеңешмеге катышты, анда  Экономика министрлиги «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коому менен биргеликте иштелип чыккан «Менин үйүм 2021-2026» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасынын концепциясынын долбоору тартууланды.

Программа долбоору аркылуу 2021-2026-жылдары 7 500 кем эмес үй-бүлөнү турак-жай менен камсыздоо, жалпы аянты 150 000 м кв кем эмес турак-жай сатып алууну жана курууну каржылоо, жалпы суммасы 5 млрд сомдон кем эмес инвестиция тартуу, 1 млрд сомдон кем эмес суммадагы ипотекалык баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу каралууда.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Өкмөттүн «Менин үйүм 2021-2026» Программасынын концепциясынын долбоорун жактыруу чечилди.

Жакынкы арада Өкмөт тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Менин үйүм 2021-2026» Программасынын долбоорун бекитүү жөнүндө тийиштүү чечим кабыл алынат.

Премьер-министр тийиштүү мамлекеттик органдарга өнөктөш-банктар жана донорлор менен биргеликте мамлекеттик ипотека боюнча пайыздык ченди кыскартуу жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырды.

Последние новости