www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын аймагына зергерчилик буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети билдирет. 

Маалыматка ылайык, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы тарабынан тышкы экономикалык иш чөйрөсүндөгү коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кыргыз Республикасынын аймагына баалуу зер буюмдарды мыйзамсыз алып өтүү фактысы аныкталды.

2021-жылдын 9-февралында УКМК ККК кызматкерлери «Манас» эл аралык аэропортуна аба каттамы аркылуу чет өлкөдөн келип, бажы аймагынан тийиштүү бажылык каттоосуздан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Кыргыз Республикасынын 1981-жылы туулган жараны Т.Л. кармалды.

Жүктөрдү текшерүү учурунда жалпы салмагы 17 кг ашык, баасы 53 миллион сомду түзгөн алтын буюмдар табылды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тийиштүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости