www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Саймумин Ятимов Кыргызстанга 10 күндүн ичинде 2 жолу келгени айтылып жатат. Бирок бул боюнча расмий маалымат берилген жок. 

Мындан улам, эмне себептен Ятимовдун чукул арада удаа эки жолу Кыргызстанга келгени эч жерде айтылбай көмүскөдө калганы көпчүлүктү кыжаалат кылууда. 

Арийне, Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Ятимовдун тез-тез катташы, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо иштери чечүүчү баскычка жакындап калышы мүмкүндүгүн билдирет. Ал эми муну эки өлкөнүн топографиялык топторунун кызуу иштери гана эмес, коңшу республиканын башкы коопсуздук кызматкеринин Кыргызстанга жашыруун сапары да далилдеп турат. Ошентсе да, анын сапарынын максаты белгисиз. Бирок бул сапар кандайдыр бир деңгээлде биздин өлкөлөр ортосундагы чек ара маселесин чечүүгө байланыштуу деп божомолдоого болот.

Сыягы, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселеси чыр-чатаксыз чечилип, эки өлкөнүн мамилеси өтө ийкемдүү өнүгүп жатышы Тажикстанды ойго салып жатканы байкалат. Эмнеге дегенде, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара маселеси жолго коюлуп, экономикалык кызматташуу үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөр пайда болгону Тажикстанды ойлондурбай койгон жок. 

Ошондой эле, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин кыргыз армиясынын күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн чыңдоого багытталган иш-чаралары натыйжалуу болгондугун дагы эске албай коюуга болбойт. Өлкө жетекчилиги өткөн чыр-чатактарды мисалга алып, туура тыянак чыгарды. Кыргыздарды өзүбүздөн башка эч ким коргобойт. Бул Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо үчүн күчтүү армия түзүү керек дегенди билдирет.

Эми эмнеси болсо дагы Кыргызстан Тажикстан менен чек ара сызыгын тактоодо улуттук намысты, кызыкчылыкты жогорку деңгээлде коргоп, өлкө, эл утулбагандай чечим кабыл алышы милдет. Коңшуларга жерибизди тарттырып жибербей, Ворухка коридор берип, Баткен, Лейлекти анклавга айлантып албагандай чечим кабыл алынышы парз. Ансыз болбойт. 

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости