www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Сахалин облусунун Поронайcк шаарында кулап кеткен имараттын алдында калып каза болгон адам Тажикстандын жараны экени такталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сахалиндеги кыргыз диаспорасынын башчысы Эшимбет Төлбаев билдирди.

Анын айтымында, калдыктардын астында калган жарандарды куткаруу иштери жүрүп жатат.

Каза болгон адам Тажикстандын жараны экен. Ал эми урандынын астында жаткан эки бала - кыргыз жараны. Алар боюнча куткаруу иштери аяктагандан кийин гана толук маалымат бере алам. Бир гана маалымат - алардын курактары 22-23 жашта экен. Баштапкы кабарларга караганда алар иштеп жаткан кезде дубал кулап кеткен, - деди ал.

19-августта Поронайcк шаарында мурдагы кагаз чыгарган заводдун чатыры түшүп кетип, бир адам каза болгон. Кырсык болгон учурда имаратта 10 кыргызстандык мигрант иштеп жатканы айтылган.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, урандынын алдынан сегиз адам чыгарылып, беш киши ооруканага жаткырылган. Бейтапканадагылар кыргызстандык экени аныкталды.

Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери бул окуя боюнча маалымат алууга аракеттенип жатышат. Каза болгон жана жабыркаган адамдардын аты-жөнү такталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости