www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Словениянын жаңы премьер-министри болуп комик Марьян Шарец дайындалды. Кырк жаштагы Шарец Словениянын тарыхындагы эң жаш премьер-министр болуп саналат. Анын талапкерлигине парламент мүчөлөрүнүн 55 “макул”, 31 “каршы” добуш беришкен.

Шарец саясат менен сегиз жылдан бери алектенип келет, бирок барынан мурда ал комик жана сатирик катары таанымал. Ал көптөгөн белгилүү инсандарды, саясатчыларды, көбүнчөсү премьер-министрлер Янез Янша менен Андрей Баюкту туурап, пародияга салып келчү.

Саясатка келгенге чейин Шарец артисттиктен тышкары журналист жана редактор болуп да иштеген. 2010-жылдан баштап Камник шаарынын мэри болуп иштесе, 2017-жылы президенттик шайлоого катышып, азыркы лидер Борут Пахорго утулуп, экинчи болуп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости