www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз эл артисти Саламат Садыкованын "таза кыргыздар Алайда жана Кара-Кулжада"-деген видео тасмасы талкууга жем таштап коомчулукта талкуу жүрүп жаткан кез.

Саламат Садыкованын кызы Кундуз Авашова коомчулуккка төмөнкүдөй кайрылуу жолдоду:

"Урматтуу замандаштар, урматтуу нарындык туугандар. Кечээтен бери менин апам сүйлөгөн видео катуу талкууга алынууда. Эс алып жүргөн жерге атайы сүрөткө түшөлү деп келип, талкуу баштап, ал үй бүлөдөн бирөө таратып жатат. Видеону жакшылап көрсөңүздөр башында таза кыргыздар деп санаганда нарындыктарды кошуп сүйлөгөн. Анан бирөөсү алар уйгур аралашып десе, сөз улап койгон...Апам чек ара кайсы өлкөгө катарлаш экениндиги тууралуу ойду улап эле сүйлөп койгон. Тилекке каршы аны чоң тема кылып жайылтышууда. Жайылтып жаткандар дагы жооптуу экенин унутпайлы.
Активдүү таратып жаткан жигиттен кечирим дагы сурагам, бирок ал жигит кечиримди кабыл алган жок...
Таратып жаткан баракчалардын айрымдары менен сүйлөшкөнгө аракет кылдым. Тилекке каршы мени укпай жатышат. Видео көп баракчаларга тарап кетти...Кечээтен бери менин дагы тынчымды алгандар көп болууда.
Элибизде: "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт"- дейт. Апамдан ката кеткен болсо, айтылган сөз катуу тийген болсо сиздерден кечирим сурайм.
Ар бирибизде ата-эне бар, эске алалы туугандар....Макул апам адашыптыр.. Бирок түнү бою уктабай активдүү түрдө каралап, эң жаман сөздөр менен жазып, таратып жаткандар дагы жоопкерчилик тууралуу ойлонушса болмок.
Хайп жаратуу үчүн, просмотр үчүн бир күн бою социалдык тармакта активдүү иштеп жаткандар тууралуу дагы тактап чыктым. Баарыбыз адашабыз, эч ким бул жашоодо идеалдуу эмес. Мүмкүн болсо ырбатпайлы туугандар, кечиримдүү бололу. Түшүнүшүүгө чакырам. Урматым менен Кундуз.

Үйгө келип уктум, көрсө өздөрү сүрөткө түшөлү деп келип сиз оштуксузбу, оштуксуз да деп тема баштаптыр...Ооба мен Оштукмун, Баткендикмин дептир апам. Ошентип сөздөн сөз уланып, региондор тууралуу сүйлөшүп калышкан. Эч кандай жаман ой менен айткан эмес апам, тамаша катары сөз улаган... Ага чейин эмне кеп болду, кийин эмне сөз болду көрбөгөн соң, укпаган соң билбейбиз. Монтаж кылып таратып, хайп кылышты"- дейт Кундуз Авашова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости