www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Китеп окуп жатканда уктап кетпеш үчүн эмне кылса болот?

Китеп окуу эң эле оңой, эс алдыруучу кыймыл көрүнгөнү менен окуп жатканда көп энергия коротобуз. Кээде уйкубуз келип баштайт. Эмнеге? десеңиз, мисалы окуп жатып кызыктуу жерине келгенде жашоого байланышкан бардык тынчсыздануулардан алыстап эс аласыз, бул болсо акырындан уйкуну келтире баштайт. Же болбосо чарчаган көздөр менен тынч чөйрө биригип, уктап кетүүгө себепкер болот. Буларды болтурбоо же алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?

Отурган жер уктоого эмес, китеп окууга ылайыктуу болушу керек

Ар бир сөзгө маани берип, окуп жатканда активдүү болууга аракет кылыңыз

Аркага жөлөнгөндүн ордуна тик жана түз отуруңуз

Муздак суу ичүү сергек болууңузга жардам берет

Көздүн чарчоосун басаңдатуу үчүн жарык жерде окуңуз

Отурган жер абдан ысык болбосун

Окуп баштаардан мурда жеңил көнүгүүлөрдү жасап, душка түшүп, кофе сымал суусундуктарды ичип алыңыз

Уйкуңуздун бөлүнүшүн каалабасаңыз, эртең мененкисин окуңуз

Китеп окууну уктаардан мурун жасоочу иш-аракет катары мээңге жайгаштырылса, шарттаганыңыз үчүн китеп окуп баштаганда уйку келе баштайт

Фонго жай музыка коюп коюу уктап кетпешиңиздин алдын алат

Окуп жатканда ара берүү (өйдө туруп, нары-бери кыймылдоо сыяктуу ж.б.), кан айлануу системасына белги берип, уйкуга тоскоолдук жаралат.

Көңүлүңүз ар нерсеге бурулуп жатса, үн чыгарып окуңуз

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости