www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын чыгышындагы Лебап облусунун жашоочулары азык-түлүк менен кошо президент Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтүн сатып алууга мажбур болушууда. Бул тууралуу RFE/RL радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда мамлекеттик дүкөндөрдөн ун жана нан сатып алгандар Бердымухамедовдун 50х35 сантиметр өлчөмүндөгү сүрөтүн 20 манатка (расмий курс боюнча 6 доллар) сатып алууга милдеттүү.

Кардарлар буга каршы чыга алышкан жок, себеби дүкөндөрдүн тегерегинде ички иштер коопсуздук кызматкерлери жана полициячылар жүрүшөт. Полиция офицеринин биринин айтымында, бийлик эгер Бердымухамедовдун сүрөтү ар бир үйдө болсо, калк аны көбүрөөк жакшы көрө баштайт деп эсептейт.

Журналисттер сүрөттөрдүн сатылышы боюнча расмий комментарий ала алган жок.

Сүрөттөрдү сатуу – мамлекеттик мекемелерде президент Гурбангулы Бердымухамедовдун портреттерин жапырт түрдө алмаштыруу мезгилине туш келди. Бардык мамлекеттик түзүмдөрдө өлкө башчынын сүрөтү 1-сентябрга чейин жаңыланышы керек.

Жаңы сүрөттө фондогу килемдин өңү, президенттин чачынын узундугу жана түсү башкача.

Түркмөнстанда президенттин келбети өзгөргөн сайын бардык мекеме-ишканалардагы жана коомдук жайларда анын сүрөтү жаңыланып турат. Портреттерди эл өз эсебинен сатып алат.

Быйыл январда бийлик мамлекеттик мекемелерди президенттин чачы агарган сүрөттөрүн сатып алууга милдеттендирген. Мурдагы портреттерде анын чачы кара болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости