www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 11-мартында Невшехирге болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы элчиси Руслан Казакбаев аймакта жашаган кыргыз жарандары менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчилигинен билдиришти.
Жолугушууда элчи катышуучуларга элчиликтин кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иши, кыргыз-түрк мамилелеринин өнүгүшү жана өлкөдөгү кыргыз жарандарынын жашоо шарттарын жакшыртуу үчүн түрк мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүүсү тууралуу маалымат берди.
Көптөгөн кыргыз жарандары Каппадокиянын тогуз аймагында туризм тармагында иштешери белгиленди. Каппадокияда кыргыз жарандарынын болушу боюнча пикир алмашуу болуп, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Жарандар Каппадокияда Кыргызстанды жайылтуу боюнча демилгелерди сунушташты, анын ичинде жергиликтүү ат оюндарынын алкагында кыргыз ат оюндарынын демонстрацияларын өткөрүү, ошондой эле Кыргызстандын аймактын кулинардык жана маданий фестивалдарына катышуусу.
Акырында элчи катышуучуларды ыйык Рамазан айы жана келе жаткан Орозо айт майрамы менен куттуктады.
Жолугушуу биргелешип кечки тамак — “оз ачар” менен аяктады.