www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
4-апрелде 2022-жылы туулган кыз Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Министрлик билдиргендей, бала өтө оор абалда ооруканага жаткырылып, жасалма дем алдыруу аппаратына туташтырылган.
Дарыгерлердин маалыматына ылайык, наристеде баш мээсинин жабыркашы, астыңкы жаактын сыныгы, оң колдун ийин сөөгүнүн жабык жылышып кеткен сыныгы, өпкөнүн жана ички органдардын жабыркашы, ошондой эле ооз көңдөйүнүн жабыркаган жаракаттары аныкталган.
Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов профилдик адистердин, анын ичинде нейрохирургдардын, травматологдордун, жаак-бет жана көкүрөк хирургдарынын катышуусунда өткөн консилиумга катышты. Министрлик балага медициналык жардам толук көрсөтүлүлүп жатканын белгилейт.
Бишкек шаардык милициясы 4-апрелде саат 17:10 чамасында Жал кичирайонундагы үйлөрдүн биринин 6-кабатындагы терезеден эки жаш бала апасы менен кошо кулап кеткенин билдирген.
27 жаштагы келин окуя болгон жерде каза болгон. Кийинчерээк 1 жаштагы ымыркай да чарчап калган. Ал эми 4 жаштагы наристе ооруканага түшкөн. Аталган факт боюнча “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.
Милиция тергөөнүн жыйынтыгында өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү фактысы аныкталганын, 34 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин белгиледи.