www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Күн мурун Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын Туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттык сактоо тармагындагы кызматташуунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Министр Бириккен Улуттар Уюмунун системасы 30 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргыз Республикасына Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келген улуттук артыкчылыктарды ишке ашырууда ар тараптуу колдоо көрсөтүп келе жатканын белгиледи. Азыркы учурда өз ара аракеттенүү 2023–2027-жылдарга карата кызматташтыктын алкактык программасынын негизинде жүргүзүлүп, ал социалдык өнүгүүнүн негизги багыттарын, анын ичинде саламаттык сактоону камтыйт.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов БУУнун системасына тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Анын ичинде эпидемиологиялык көзөмөлдү жана лабораториялык кызматты чыңдоо, өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатуу, ошондой эле жугуштуу жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча программаларды ишке ашыруу белгиленди.

Жолугушууда мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарына өзгөчө көңүл бурулду. Алардын катарына адамдык капиталды өнүктүрүү, анын ичинде медициналык кадрларды даярдоо жана кармап калуу, айрыкча аймактарда, саламаттык сактоону санариптештирүү, ошондой эле жугуштуу эмес оорулардын алдын алууну күчөтүү кирет.

Тараптар ошондой эле климаттык факторлордун калктын ден соолугуна тийгизген таасири, анын ичинде абанын булгануу маселелерин талкуулашты. Бул багытта ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жана сергек жашоо образын калыптандыруу зарылдыгы белгиленди.

Ошондой эле бейтапка багытталган саламаттык сактоо моделине өтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу жана заманбап санариптик чечимдерди киргизүү маселелери каралды.

Кыргыз Республикасындагы БУУнун системасынын башчысы Антье Граве Саламаттык сактоо министрлигинин артыкчылыктарын, анын ичинде «климат жана ден соолук», кадрдык потенциалды өнүктүрүү жана санариптик чечимдер сыяктуу багыттары натыйжалуу колдоо үчүн БУУнун агенттиктеринин ортосундагы координацияны мындан ары күчөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө кийинки мезгилге карата жаңы алкактык кызматташтык программасын даярдоо маселелери да талкууланды. Программаны иштеп чыгуу учурдагы жыйынтыктарды баалоону, мамлекеттик органдар менен консультацияларды өткөрүүнү жана кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоону камтый турганы белгиленди. Даярдоонун активдүү фазасы ушул жылы башталып, белгиленген тартипте жыйынтыкталат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө жана Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын туруктуулугун жогорулатууга багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга өз ара кызыкдар экенин ырасташты.

Последние новости