www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Транспорт министрлиги, Бишкек мэриясынын алдындагы транспорт башкармалыгы, Санэпидемстанция, Ички иштер жана Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнөн турган топ коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында профилактикалык иштерди жүргүзүүнү күчөтүштү. Анын алкагында шаар боюнча жалпы 3 миң 391 унаа текшерилип, 45 миң сом айып пул салынган.

Бишкекте коомдук транспорт 1-сентябрдан тарта кадимки тартипте иштеп баштады. Ал арада шаар тургундары бет кап кийүү, аралыкты сактоо сыяктуу санитардык эрежелерди сактоого кайдыгер карап жатканы байкалууда. 

Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен алгоритмге ылайык, жүргүнчү ташыган кичи автобустун кире беришинде жүргүнчүлөр үчүн антисептик сөзсүз түрдө болушу керек. Салондун ичинде жүргүнчүлөр 70%га толуп, башкача айтканда бир унаага 12 жүргүнчү болууга тийиш. Бирок, мындай норманы сактоого мүмкүн эмес, айрыкча жарандар жумушка барып, үйгө кайткан эртең мененки жана кечки убакта.

Коомдук транспортто көпчүлүк учурда - бет кап кийбеген, алгоритмде белгиленген сандан ашык жүргүнчү алган жана кичи автобустар токтой турган акыркы аялдамаларда дезинфекциялык тазалоо иштерин жүргүзбөгөн санитардык нормаларды бузуу фактылары катталып жатат. Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды кайдыгер болбой, коомдук транспортто жоопкерчиликти сезүүгө чакырат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости