www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун аймагында мыйзамсыз баңги соода, баңгизатка каршы "Мак-2020" аталышындагы операция жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Иш-чаранын алкагында июнь айынан баштап сентябрга чейинки аралыкта жалпысынан 208 тоннадан ашык жапайы кара куурай жок кылынды. Анда айрым аянттарда химиялык, механикалык жолдор пайдаланылып, кээ бир жерлеринде кол менен үзүлгөн. Атайын түзүлгөн 42 бригада аймактагы 60 миң гектардан ашык аянтты иликтөөгө алып, анын 380 гектарында кара куурай өсүп турганын аныктаган.

"Мак-2020" операциясы мыйзамсыз баңги соодага бөгөт коюу, мыйзамсыз өстүрүү, жапайы кара куурай жана башка курамында баңгизат бар өсүмдүктөрдүн өскөн жайын жок кылуу максатында уюштурулган. Учурда облустун аймагында "Мак-2020" комплекстүү операциясы уланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости