www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Кечеге барчу жол ачылды

Бүгүндөн тарта Дыйкан-Кара-Кече жолу убактылуу жол менен камсыз болуп, көмүргө келчү оор жүк ташуучу автоунаалар каттай баштады жана үзүлгөн электр чубалгылары  толугу менен калыбына келтирилип “Кара-Кече” кесими жарык менен камсыз болду. Иш  толук кандуу жүрө баштады.

Жол жасоого КР жол жана транспорт министрлиги тарабынан 1-экскаватор жана 2- Хово автоунаасы, ДЭП-24 ишканасынан 1- грейдер жана 1- погрузчик техникасы жумушка тартылган. “Кыргызкөмүр”МИсы тарабынан 1- бульдозер бөлүнгөн.

 Эске сала кетсек, КРнын Премьер-министри   Кубатбек Бороновдун  тапшырмасы менен атайын жумушчу топ түзүлгөн, анын натыйжасында  оор жүк ташуучу техникалардын өтүүсүнө шарт түзүү, жолду тазалоо иштери тууралуу пландар түзүлгөн. 10 күн ичинде убактылуу жаңы жол салынары белгиленип, ошондой эле  мындан ары  коопсуз жол салуу боюнча  иштер жүргүзүлөөрү айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости