www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин саламаттыкты сактоо министри Яаков Лицман коронавируска байланыштуу отставкага кетүүнү чечти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, премьер-министр Биньямин Нетаньяхудан аны курулуш жана турак жай министри кызматына которууну суранды. Министр мындай чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча мекемеге карата айтылган сын-пикирден улам кабыл алган.

Белгилей кетсек, буга чейин министрди саясий оппоненттери коронавирустун жаңы түрүнүн жайылышына каршы күрөшүүдө көрүлүп жаткан аракеттери үчүн сынга алышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости