www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-апрель күнү Стамбулдан алып келинген кыргызстандыктардан коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Бүгүнкү күндө 141 жаран транспорттун келишин күтүп жатат. Ал эми сегизинин үй карантининде болууга шарты жок болгондуктан обсервацияда жатат. Бишкекте 128 адам үй карантинине чыгарылды. Ал эми Ош облусуна - 28, Чүйгө - 86, Жалал-Абадга - 35, Ысык-Көлгө - 28, Таласка - 15, Нарынга - 14, Баткенге 19 жараныбыз кетти. Баары атайын уюшулган бустар менен жөнөтүлдү. Ал жактан медициналык мекеменин жетекчилери тизме менен кабыл алып, андан ары көзөмөл жүргүзөт", - деди Үсөнбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости