www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана анын орун басары Нурболот Үсөнбаевдин абалы туурасында айтып берди.

“Сабиржан Абдикаримов жана Нурболот Үсөнбаев оорусу боюнча дарыланып жатат. Бирок азырынча коронавирусту аныктай турган анализдери чыга элек. Ошондой эле, абалы канааттандырарлык”, - дейт ал.

Эске сала кетсек, кечээ, 8-июлда Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов пневмония менен ооруп калганы маалымдалган.

Коронавирустук инфекциядан улам пайда болгон белгилер бөлүм башчысынын орун басары Нурболот Үсөнбаевде да аныкталганы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости