www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-майда, Бишкектеги Жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирустан улам көз жумган Жогорку Кеңештин экс-спикери Мукар Чолпонбаев менен коштошуу зыйнаты болуп өттү. Маркум саясатчы “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

Маалыматка ылайык, жерге берүү зыйнатына анын жакындары, достору жана кесиптештеринен сырткары, ЖКнын спикери Дастанбек Жумабеков, Президенттик Аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев, Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана вице-премьер-министр Акрам Мадумаровдор да барган.

Эскерте кетүүчү нерсе, Саламаттыкты сактоо министрлигинин буйругуна ылайык, коронавирустук инфекциядан каза болгон адамды акыркы сапарга узатуу зыйнаты диний өкүлдөрдүн жана жакын туугандарынын катышуусунда эпидемиологдун милдеттүү көзөмөлүндө өтөт.

Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов Kaktus.mediaга бул тууралуу төмөнкүлөрдү айткан: "Биз келүүнү каалаган адамдардын саны азыраак болушун каалап жатабыз... Биз тыюу сала албайбыз. Бул адамдарды акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү. Туугандык жактан да, жумуш жактан да болушу мүмкүн. Бул адамдык мамиле. Мен өкмөттүн мүчөсүмүн. Аны көптөн бери таанычумун, чогуу да иштеп калганбыз. Ошондуктан барбай коё албадым. Кесиптешибизди акыркы сапарга узатууга атайын барып катыштым. Бардык эрежелерди сакталды", - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости