www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрине кылмыш иши козголобу?

Башкы прокурор Курманкул Зулушев парламентте отчет берип жатып уу коргошун чуусу боюнча өз пикирин билдирди.

Депутат Эмил Токтошев «далилденбеген дарыны бейтаптарга берип жатканы үчүн саламаматтыкты сактоо министрине кылмыш иши козголобу?» деп сурады.

«Бул министрликти текшерүү, сурамжылоо иштерин баштадык. Бизге бир адамдан онлайн арыз түшкөн, аны ИИМге жибердик. Алар тиешелүү жыйынтык чыгарат. Биз кылмыш ишин козгоо үчүн кайрылууну эле эмес, кесепетин да карашыбыз керек.

Эгер зыяны жок болуп, пайда алып келип атса өзүнчө баа берүү зарыл. Биздеги маалымат боюнча 400 жаран өзүнүн макулдугу менен колдонуптур. Эч кимде оорунун белгилери же уулануу катталган эмес. Бул боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат. Кесепетине карап сөзсүз түрдө укуктук баа берилет», — деди Зулушев.

Белгилей кетсек, кечээ, 20-апрелде Бишкек травматология жана ортомедия илим-изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө уу коргошунга ууланган деген шек менен үй-бүлөлүү жуптар 1950-жылы туулган О.К. жана 1955-жылы туулган С.Т. оор абалда келген. Бейтаптардын айтымында, дары катары тундурманы узак убакыттан бери колдонуп келишкен жана кечээ анын дозасын көбөйтүшкөн. Тиешелүү дарылоодон кийин алардын жүрөк-кан тамырларынын иштеши калыбына келип, абалы турукташкан, азыр интенсивдүү терапия уланууда.

Ошондой эле, 20-апрель күнү «Тез жардам» кызматы менен Кардиология жана терапия улуттук борборуна 1958-жылы туулган А.Д. оор абалда жеткирилген. Ага алдын ала «Белгисиз затка ууланган» деген диагноз коюлган. Бейтапты дарылоодон кийин жүрөктүн согушу жана дем алуу калыбына келген. Азыркы учурда абалы туруктуу, интенсивдүү терапия уланууда.

Эске салсак, 16-апрелде саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев уу коргошундун тундурмасы коронавируска чалдыккан бейтаптарга берилип жатканын Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости