www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандар беткапты жабык имараттарда жана таза абада тагынып жүрүүгө милдеттүү. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
"Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери, коронавирустун жаңы толкунунун бир себеби – санитардык талаптардын, беткап режиминин жана социалдык аралыктын сакталбагандыгы деп эсептешет. Ошондой эле, 80 пайыз адамга вирустун жугуу булагы болуп, вирус жуктургандардын 10 – 20 пайызы эсептелет. Андыктан, ооруган адам дагы, дени сак адам дагы беткап режимин, социалдык аралыкты сактоосу жана башка санитардык талаптарды аткаруусу зарыл. Жарандар беткапты жабык имараттарда жана таза абада тагынып жүрүүгө милдеттүү”, - деди Нурболот Усенбаев.
Булак: NazarNews.kg