www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 19-октябрында КР УКМК тарабынан эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) жашыруун структураларын жана аларды каржылоо каналдарын аныктоого, алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө КР ИИМ менен биргеликте Жалал-Абад шаарынан КР жарандары «Б.О.» жана «Э.К.» кармалды.

Такталгандай, кармалган адамдар 19-октябрь күнү эртең менен ишкерге кол салып 400 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын уурдап кетишкен. Аларды кармаган учурда уурдалган акча каражаттар, жасалма чет элдик валюталар, ток менен уруучу аппарат жана бычак менен сайылуучу нерселер далил зат катары табылып алынды.

Кармалгандар Сириянын аймагындагы мыйзамсыз куралдуу топтордун ишмердүүлүгүнө катышып жана эл аралык террористик уюмдардын башчыларынын көрсөтмөсү менен ЭТУ мүчөлөрүнө каржылык колдоо көрсөтүү үчүн тоноолорду уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагына келишкен. Сотко чейинки өнүрүштүк материалдар кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адамдар Жалал-Абад шаардык ШИББ тергөө камак жайына киргизилди.
Тергөө иштери жүрүп жатат. 

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости