www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө тийиштүү лицензиясыз сатуу максатында алкоголдук продукцияны мыйзамсыз сактоо фактыларын аныкташты. Жалпысынан 16 миң 885 бөтөлкө алкоголь ичимдиги жана 4 740 литр сыра тартып алынды. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. 

Атап айтканда, спирт ичимдиктерин сатууга лицензиясы жок Бишкек шаарынын 5 дүкөнүнөн ар кандай идиштеги жана аталыштагы 3 миң 591 бөтөлкө алкоголь ичимдиги тартып алынды. Ишкердик субъекттерге карата мыйзамдарга ылайык чаралар көрүлөт.

Ошондой эле Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кампа жайларынын биринен ар кандай аталыштагы жана идиштеги 13 миң 294 бөтөлкө сыра, 4 миң 740 литр куюп берме сыра тартып алынды. Аталган факт боюнча материалдар тиешелүү чара көрүү үчүн Чүй облусунун Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча Мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости