www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн №2 форма менен катталган шайлоочулардын саны 315 000ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Атыр Абдрахматова 17-сентябрда кабарлады.

Маалыматка ылайык, шайлоо мыйзамдарына ылайык, ар бир добуш берүүчү тилкеде шайлоочулардын саны 2500дөн ашпашы керек. Кошумча участокторго жарандар №2 форма деген документ менен катталат. Оппозициячыл саясатчылар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү бул жол менен бийликчил партиялар адамдардын дарегин алмаштырып, добуш топтоонун амалын көрүп жатканын айтып келатышат.

Буга чейин БШК добуш берүүгө укуктуу 3 465 415 жарандын тизмесин тактаган. Шайлоо тилкелеринин саны - 2474. Анын 44ү чет мамлекеттердеги мекендештер үчүн башка өлкөлөрдө болот.

Белгилей кетсек, №2 форма деп аталган документ 2011-жылдагы президенттик шайлоодон баштап колдонула баштаган.

Ал эми Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрда өткөрүлөт. Парламенттеги 120 орунга 16 саясий партия ат салышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости