www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Текирдаг аймагына караштуу Чорлу районунун 26 жаштагы тургуну Мүге Гүмшар бир канча убакыт мурун бетине кам көрүү үчүн сулуулук салонуна барган. Жасатуунун алдында бетинин сезгич экенин айткан Гүмшар процесс учурунда бетинин ысыганын сезген. Окуя тууралуу: “Дерпамен процедурасын кылып жатканда бетимдин назик, сезгич экени айтканыма карабай, жүзүм жанып күйө баштады. Ал жактан чыгып, дароо ооруканага жөнөдүм. Врачтар, бетиме инфекция жугуп, антибиотиктерди колдонушум керектигин айтышты. Андан соң пластикалык операция бөлүмүнө жөнөтүштү. Ал жердегилер операциядан кийин дагы тактар кала тургандыгын, алардын канча убакыттын аралыгында жоголоору белгисиз экендигин айтышты. Жыйынтык дарылангандан кийин билинет”, - дейт жабырлануучу.

Бул окуя жашоосуна терс таасир берип, адамдарга аралаша албай калганын айкан Гүмшар: “Мындай окуя жашоомо зыянын тийгизип жатат. Күзгүгө карай албай, коомго да аралаша албай калдым. Териге байланышкан процедура жасатууну каалагандар, бара турган жердин кызматкерлеринин профессионал экендигин сөзсүз билип, анан барыңыздар”, - деди.

Мүге Гүмшар ооруканадан алган справкасы менен окуя боюнча сулуулук салонунун жетекчилиги үстүнөн сотко кайрылды.

CİLT BAKIMI YAPTIRAN MÜGE'NİN YÜZÜNDE 2'NCİ DERECE YANIK OLUŞTU - Sağlık -  Gazete Çan

 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости