www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы учурда Facebookтун белгисиз колдонуучусунун социалдык тармакта Түндүк-Түштүк автожолун куруу боюнча долбоордун наркы Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолунун участкасын кайра куруу долбоору менен салыштырмалуу бир канчага жогорулап кеткендиги тууралуу маалыматы активдүү талкууланып жатат. Бул тууралуу тактоо маалыматты КР ТжЖМнин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү фактылары жок эле,  2013-жылы «Кыргызжолтрансдолбоор» долбоорлоо институтунун директорунун кызматын ээлеп турган, азыркы учурда Транспорт жана жол министри Ж.Калиловду күнөөлөп жатат. 

Facebookтун бул белгисиз колдонуучусунун тыянактары негизсиз. Эмне үчүн? Биринчиден, Балыкчы-Ананьево-Кара-Кол автожолунун жумуштарынын наркы менен Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду автожолунукун салыштырууга болбойт, анткени бул жол иштеп турат жана ошого ылайык бул жерде узундугу  0-104 км болгон иштеп турган жолдун негизинде өрөөндүү жердеги жолду кеңейтүү, түтүктөрдү коюу жана асфальтбетонду төшөө боюнча иштер аткарылган. Ал эми Түндүк-Түштүк автомобиль жолу таптакыр жол болбогон жерде курулуп, сүү өткөргүч түтүктөр тоолуу жерлерде таяныч дубалдары менен курулуп жатат (Лонг хай таяныч дубалдары, тоннелдер жана эстакадалык көпүрөлөрү жок курууда). Андан сырткары, Түндүк-Түштүк  альтернативалуу жолдун трассасында эки эстакадалык көпүрө жана узундугу 3,8 км тоннель курулуп жатат.

Мындан тышкары, бул аты-жөнү белгисиз автор, Түндүк-Түштүк  альтернативалуу жолдун наркы жөнүндөгү бардык эсеп-кысаптар жана документтер Транспорт министрлигинде катылып жатат дейт.

Биз муну дагы жокко чыгарабыз, анткени ал документтер Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроо-талаптары боюнча  жана “Маалыматка жетиштүүлүк жөнүндө” Мыйзамга ылайык массалык маалымат каражаттарынын бардыгында чагылдырылган жана жеткиликтүү болгон. Мындай тактоону КР ТжЖМнин басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости