www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарынын тарыхында биринчи жолу башталган жер асты өтмөгүнүн жертөлөсү даяр болуп, анын корпусунун курулушу расмий башталды. Бүгүн КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев, Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаев, шаардык кеңештин төрагасы Айбек Жолдошев баш болгон жетекчилер, депутаттар, коомчулук өкүлдөрү курулушка капсула салуу иш-чарасына катышышты.

Бул иш-чара учурунда облустун жетекчиси жер асты өтмөгүнүн курулушу облус борбору эсептелген Жалал-Абад шаары үчүн маанилүү экенин белгиледи. Жалпы шаарга жана тургундарга ийгиликтерди каалоо менен курулушту расмий баштап берди. Ошондой эле шаарда жакшы иштер көп болуп жатканын, бул шаар калкынын, бийликтеринин ынтымактуу иш-аракеттеринин натыйжасы экенин айтып, мындан аркы иштер боюнча да жакшы каалоолорун билдирди.

Шаар жетекчиси, шаардагы мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, шаардык кеңештиндепутаттары курулуштун жертөлөсүнө орнотулган капсулага бетон аралашмасын салышып, жер өтмөктүн жалпы жарандарга жакшы кызмат кылышына тилектерин айтышты.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүндө унаа тыгындары, жөө атуулдардын башаламан кыймылы көп болуп, коопсуздук боюнча да көйгөйлөр жаралган. Ага байланыштуу 2016-жылдан бери эле тургундар жер астынан өтмөк куруу зарылдыгын белгилеп келишкен. Шаар бийликтери Ленин көчөсүндөгү көйгөйдү чечүү боюнча калк арасында сурамжылоо жүргүзүп, дагы бир асма көпүрө куруу жана жер астынан өтмөк куруу сунушун койгон. Сурамжылоого катышкан калктын басымдуу көпчүлүгү жер асты өтмөгүн курууну тандап алышкан.

Жалал-Абад шаарынын мэриясы долбоор даярдап, аны коомдук угууда шаар тургундарынын кароосуна койгон. Коомдук угууда жактырылган долбоорду шаардык кеңештин кароосуна коюп, депутаттар узуну 31, туурасы 6 метрлик өтмөктү куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 19 миллион 500 миң сом каражат бөлүшкөн. Кийин тендер учурунда курулушту ишке ашыруучу тарап 13 миллион сомго долбоорду утуп алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости