www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда кызык окуялар өтө эле көп. Коррупцияга болсо белчесинен батып тыгылып калды. Аттишти 600 долларга сатып алган дүйнө жүзүндө жок мамлекетпиз го чиркин. Так ушул коррупция маданият тармагына де жеткен. Айрым бир ырчылар эшек арабага чыгып ырдап койсо болду, КР Эл ырчысы же КР Эмгек сиңирген ырчысы боло калат. Укмуш... Үнү барынан үнү жок ырчылар толтура. Буга чейин ошол ырчылар “лампочка” ырчылар деп аталып келсе, азыркы айрым ырчылар, кытайдын бир жолу колдонуучу үлбүрөп күйгөн “шам” ырчылары.
Эми сагызгандай сайрай бербей, далилдерге токтололу. Азыр көпчүлүк ырчылар, “Инстаграмда канча подписчигиң бар?” деп, ал тургай күнү-түнү бири-бирин Инстаграмдан аңдышат экен. Анжелика Бекболиевага окшогон, “добраялары” Айчүрөк Иманалиева “апасына”, “менден сизге 10 миң подписчик”, деп белекке берип салат. Көрдүңөрбү, керек болсо адамдарды белекке берип салат.
Баса, Инстаграм демекчи, атагы таш жарган ырлары жок болсо деле, КРге эмгек сиңирип таштаган ырчыларын катарын толуктаган Самара Каримова деген ырчы бар...Шумдугуң кур, ушул ырчынын популярдуулугу өтө ашып кеттиби, кыскасы 2 жарым күндө 150 миң адам Инстаграм баракчасына кошулуптур. Ме сага...
Биздин редакция изилдеп көрсөк...көрсө “подписчиктерди” сатып алса болот. Мына сага, Асан аванын аялы “расса” кыйын да...
Мындан ары, бир түндө “подписчигим мынчага көбөйдү”, дегендерге ишенбей эле койсоңуздар болот. Анткени, Инстаграм баракчасы сатылат дагы, сатылган баракчадагы жазылгандар “мертвый жана живой” деп бөлүнөт тура.
Булак: NazarNews.kg