www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясий кырдаалдын, коомдук-саясий турмуштун аба-ырайынын өзгөрүшүнө түрткү берүүчү шарттардын бири катары күтүлүп жаткан, саясий аренадагы соңку кезде болгон окуялардын болуп өтүшү, чынында эле, кандайдыр бир деңгээлде таасир эте алды. Ал тургай, ыкшоо, чачыранды жана бейдарек болуп кетишкен ар кандай партия же партия сымал ар кандай кызыкчылыктуу топтордон түзүлгөн күчтөрдүн кайрадан биригишип, кадимкидей кызуулана, “көкбөрү” тартууну сагынып калган улакчылардан бетер, шаңдуу-эмоциялуу жагдайда “жылт” эте кайрадан чыга калышкандарына да күбө боло алдык!..

Арийне, олуттуу саресеп салып, ошол саясий барометр кыйла бийик көтөрүлгөн СДПК съезди өткөн күндөн кийинки абалга көз чаптыра турган болсок, коомдук-саясий кырдаалды алгалатууга, оң жагына карай өнүгүүгө түрткү берүүнүн ордуна, эсте калган фактылар, кыргыз партияларынын мурдагы эле таз кейпин эске салган гана айрым бир коллизиялар болуп калды. Айталык, партиялардын (идея боюнча, — ​бир программа, бир максат менен биригишкен адамдардын!) да өз ара ичтен жиктелишип, регион-жек-жаат жана уруу-жердеш деген сымал критерийлер менен бөлүнүшү сыяктуу жагымсыз жагдайлар гана ачыкка чыкты. Мисалы, кыйла убактан бери (бери эле болгондо — ​жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болуп өткөн күндүн эртесинен баштап) айтылып келе жаткан, ошондон башка олуттуу маселе калбай калгансып, жадатма жадыбалга айланган “маселе” — ​азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбековдун депутаттык мандаты болуп калды…

Мурда-кийин, кез-кезде ар кандай деңгээлде (коомдук пикир жаратуу максатында!), экс-депутат Мискенбаевдин “оозу” аркылуу айтылып, ал тургай ультиматумдук мүнөздөгү талаптар коюлуп келген бул маселени экс-президент Алмазбек Атамбаев да “жабык эшик артында” өткөн съездден соң, журналисттер менен болгон жолугушуусунда “өтө олуттуу” маселе катары, атайын көңүл бөлүп, кыйла узун убакыт бөлүп, дал эле ошол ойлорду ошол бойдон кайталады. Анын пикири боюнча алганда, президенттин бир тууган инисинин парламентте депутат болуп олтурушу “баары бир эртедир-кечтир өз залакасын тийгизбей койбойт” экен!..

Кыскасы, аталган башкаруучу партиянын программасындагы элдин үмүтүнө от жандырган жаңы идеяларын эмес, баягы эле ич ара “казан-аяк” талашмай, абысындардай болуп, сырткы ийгиликтерди бири-биринен кызганмай адаттарын гана байкай алдык. Бул факт аталган съездден соң, коомчулуктун көңүлүн калтырган таасын моменттердин бири болуп калгандыгы талашсыз. А чын-чынына келгенде, тээ эгемендик жылдары башталгандан бери эле, улуттук менталитетке байланыштуу, кыргыз саясатында ар кандай бир тууганлык кландардын таасири өтө күчтүү болуп келгендигин жакшы билебиз.

Маселен, түштүктөн ыраматылык Бекмамат Осмонов баш болгон “Осмоновдордун кланы”, “Бакиевдердин кланы”, “Сарпашевдердин кланы” ж. б. деген сыяктуу эле, эми эң жогорку саясий аренага бир тууган Жээнбековдордун карааны көрүнө баштады. Бир гана айрымасы — ​азыркы президенттен башкаларынын эч кандай деле чечүүчү кызматтык орунда турбагандыгы. Жана дагы, алар азыркы президент катардагы эле чиновник, мамлекеттик кызматкер жана депутат болуп жүргөн кезинде деле чоң саясатта өз ордулары бар кишилерден болуп келишкендиги десек болот. Экс-спикер Асылбек Жээнбековдун агасы Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматка көрсөтүлүп жатканда эле парламентти башкаруудан өз ыктыяры менен баш тартып, отставкага кеткендиги маалым. Бул кадам анын жеке саясий маданиятынын жогору экендигин жана ар кандай тар кызыкчылыктагы интригалардан алыс экендигин айкындагандай болгон.

Болбосо, “Эй, эмнеге мен кызматтан кетишим керек экен? Мени парламент мүчөлөрү ишеним берип шайлашкан да?! Тээ Кубада Фидель Кастро мамлекет башчысы болсо, иниси Рауль Кастро деле премьер-министр болуп жүрдү эле го? Мен азыр дүйнөлүк саясаттан буга окшогон дагы бир топ фактыларды таап беремин! Мен деле мага берилген ишенимди актап, күч-кайратым толуп турган кезимде, элим-жерим үчүн иштеп бергим келет!” — ​деп кыйкырып чыгып, төрагалык креслосуна тырмышып олтуруп алса, ким аны кетире алмак?.. Бул маселе дал ошондо саясий түрдөгү “олуттуу баш ооруга” айланмак. Ал эми бүгүнкү кырдаал такыр башка — ​ал бар болгону катардагы гана депутат. 120 эл өкүлүнүн бирөөсү гана. Эч кандай деле өзгөчө полномочиелерге жана укуктарга ээ эмес.

Тескерисинче, дал ушул “Асылбекке асылуунун” өзү эле СДПКнын өзүнүн ичиндеги ириңдеп келе жаткан айыккыс, оор “илдети” бар окшойт деген түкшүмөлдү гана жаратып салды. Бул илдет — ​саясий көз караштары, идеялык жактан жиктелүү сыяктуу эмес, дал эле баягы — ​кып-кыргызча, жердешчилдик-региондук жактан бөлүнүү деген илдет.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости