www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-январь күнү Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайына жаңы директор дайындалып, аны министрдин орун басары Иляз Балташев тааныштырды. Бул тууралуу айрым малымат булактары жазышууда. 

Окуу жайдын директорунун орун басары Райхан Самидинованын айтымында, алар дайындаган талапкерди музыкалык окуу жайдын жамааты жактырышкан жок.

--«Биз жамааттын атынан 3 талапкерди көрсөткөнбүз. Директордун орун басары мени да көрсөтүштү, бирок менин директор болуу оюм жок. Ал эми бүгүн тааныштырган директор Ташболот уулу Ильяз биздин окуу жайда 2008-жылдан бери иштеп келет. Бир ооз «мен да талапкерлигимди коюп жатам» деп айтпады. 5 күндөн бери телефонун албай, сабактарына келбей жүрдү. Көрсө ушул ишти бүтүрүп жүрүптүр. Бизге бир ооз айтканда макул болбойт элек. Азыр Самара Каримованы колдогон 4 мугалим муну да колдоп жатышат. Бирок жамаат министрдин орун басарына да нааразычылыгын билдиришти. «3 ай сыноо мөөнөтү менен иштеп турсун» деди. Бирок биз макул эмеспиз, дагы арызданабыз. Кайра-кайра эле бизге маалымдабай, кеңешпей туруп, жетекчи кылып коюп жатышат. Самара Каримова келгенде кандай таң калсак, азыр да таң калдык», - деди Самидинова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости