www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн, 27-январдагы жыйында вице-спикерди шайлашты. Бул кызматка оппозициядан 2 талапкер - Нурбек Сыдыгалиев («Ата Мекен») менен Улан Исмаилов («Өнүгүү-Прогресс») чыккан.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Нурбек Сыдыгалиев («Ата Мекен») 77 добуш топтоду. Ал эми Улан Исмаиловдун («Өнүгүү-Прогресс») талапкерлигин 38 депутат колдогон.

Өз кезегинде, Жогорку Кеңештин депутат Бакыт Төрөбаев вице-спикерди шайлоо боюнча эсептөө комиссиясына «Ата Мекендин» депутаты төрага болгонуна нааразы экенин билдирген.

«Бардык фракциялардан комитеттерде төрагалар бар. Эми мында дагы «Ата Мекен» фракциясынан депутатты эсептөө комиссиясынын төрагасы болду. Биз унчукпай отурабыз. Калыстык болуш керек да», - деген эл өкүлү.

Эскерте кетсек, буга чейин вице-спикерлик кызматты Мирлан Бакиров («Өнүгүү-Прогресс») ээлеген. Ал өз каалоосу менен кызматын тапшырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости