www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка караганда, дубалды түрттүрүү демилгесин Маданий мурастар департаменти, Улуттук гвардия жана Өзбекстан ИИМи колдогон. Чечимде дубалдын эч кандай маданий баалуулугу жок экени айтылган.

Өзбекстандык архитектор жана антрополог Абдумалик Турдиев «Регистан» аянтынын артындагы дубал 2006-жылы ал кездеги президент Ислам Каримовдун Коопсуздук кызматынын жетекчилигинин сунушу менен тургузулганын, курулушту ошол кездеги премьер-министр Шавкат Мирзиёев өзү көзөмөлдөгөнүн белгиледи.

– Дубалды тургузуунун негизги максаты ал кездеги президент Ислам Каримовду «Регистан» аянтындагы мамлекеттик иш-чараларга катышкан учурда ыктымал террордук чабуулдардан коргоо болгон. Ошондуктан дубал бышырылган кирпичтен салынган. Мындан тышкары самарканддык аткаминерлер шаардын эски бөлүгүндөгү жергиликтүү тургундардын жепирейген тамдарын көздөн далдоо кылууну каалашкан, – деди Абдумалик Турдиев.

Соцтармактардын өзбек сегментинин колдонуучуларынын көбү дубалды түрттүрүү чечимин кубатташууда.

«Регистан» дүйнөдөгү эң кооз аянттардын бири жана Борбор Азия бермети эсептелет. Анын үч тарабында Улугбектин медресеси (1417-1420), Шер-Дордун медресеси (1619-1636) жана Тилла-Каринин медресеси (1646-1647) жайгашкан.

2001-жылы «Регистан» ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости