www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаевдин кайрадан кан басымы көтөрүлдү. Ал азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.

"Атамбаев медициналык толук текшерүүдөн өтүшү керек. Бирок, УКМКнын тергөө изоляторундагы шартта алар муну камсыз кыла алышпайт. Андыктан анын клиникага жөнөтүлүшүн суранабыз. Анын басымы дайыма өзгөрүп турат жана бул жакшы көрсөткүч эмес.

Ага кошумча, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин соту 21-апрелге белгиленгенип, Кой-Таштагы окуялар боюнча соттук отурумдун датасы аныктала элек", - деди адвокат.

Белгилей кетсек, өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу, бардык соттор ишин токтоткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости