www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Саламатсызбы, Самсаалы мырза коронавирус илдетин катардагы жаран катары кандай кабыл алдыңыз?

--Албетте кооптонуу менен кабыл алдым. Биринчи эки ай мурун Кытайда чыкканы кабарланып, анан өөрчүп олтуруп жанагинтип Умрага барган молдокелер менен илешип бизге да келди. Айла жок эми, колдон келишинче күрөшүп, колдон келишинче аз зыян тартканга аракет кылышыбыз керек.

--Дегеле бул илдетке бийлик туруштук бере алабы?

--Бул жалпы бүдөмүк, айтылып бүткүс көйгөй. Бир эле бийликтики көтөр турган маселеси эмес. Ошондуктан жалпы кыргыз эли чогуу чараан, ынтымакта, темирдей тартип менен бул апаатты жеңишибиз керек. Башка жол жок.  

--Бийлик ыкчам чараларды көрүп жатабы же кол тийгизип, коңулга кирип кеткен жокпу?

--Жоок, андай эмес. Бийлик колунан келген аракетти көрүп жатат. Ага баарыбыз күбө болуп жатабыз. Бийлик эч эле иш кылбай жатып алды десек анда көр болуп калбайлыбы? Мамлекетибиздин чама-чаркына жараша эле иш-аракеттер жүрүүдө. Дагы да эл бийликтин айтканын аткарбай баягы кенебестик менен көчөдө жүргөнү туура эмес. Бул кылганыбыз жакшы эмес. Бийлике жардам болсун десек үйдөн чыкпай, врачтардын айтканын кылып үйдө тынч олтурушубуз керек. Тоготпой жүрүп алган Италия элинин бүгүнкү абалын баарыбыз көрүп атабыз. Сак болуп, тартипти карманышыбыз керек. Бул апааттын масштабы оюнчук эмес.

--Коомчулукка жалпы өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди, ага туруштук бере алабы?

--Туруштук бербегенден башка жолубуз да айлабыз да жок. Кыргыздын бир кеменгерлиги бар, ал касиет каныбызда окшойт деп мен жоромолдоп коём. Башына иш түшкөндө кыргыз биригип ынтымак болуп кете алат. Андай окуяны көп эле жолу башыбыздан өткөрдүк. Кыргыз бир жамандыкта, бир жакшылыкта биригип кетет. Андан көрө Кудай колдоп жанагы апаат бизди айланып өтүп кетсин деп тилек айталы. Аталган дартты кыргыз эли эки жол менен гана жеңет, баш-аламан ээнбаштык кылып көчөгө чыкпоо жана ар кандай ызы чууга алдырбай сабырдуу болсок, бул күндөр бат эле өтүп кетет. Кыргызда кеп бар го, "сактансаң, сактаймын" деген.

--Элдин пейили кетип калды эле деген сөздөр соцтармактарда жазыла баштады, чын эле кетип калган жок беле?

--Эми бул салыштырмалуу түшүнүк. Элдин пейили да, аң-сезими да бир калыпта тура бербейт. Убакыттын өтүшү менен өзгөрүүлөр сөзсүз болот. Эшикте 21-кылым, ааламдашуу доору. Каалайбызбы каалабайбызбы дүйнө жүзүндө болуп жаткан ар кандай өзгөрүүлөрдүн эпкини келет. Натыйжада өзгөрүүлөр орун алат. Жакшысын өзүбүзгө сиңирип, жаманын иргеп түртүп коюш өзүбүздөн. Негизи түпкүрүбүздө баягы эле бакылдаган кең пейил, мейман дос элбиз.

--Рахмат.

Биз менен маекте мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы орун басары Самсаалы Четинбаев болду. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

Последние новости