www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чехиянын Саламаттык сактоо министрлиги COVID-19 вирусун дарылай турган дарыны атын атады. Бул тууралуу rbc.ua жазып чыкты.
Чехиянын Саламаттык сактоо министри Адам Войтех коронавируска каршы күрөшкө “Plaquenil” дарысы жакшы жардам берет деп билдирди.
--“Plaquenil” - Франциянын “Sanofi Aventis” фармацевтикалык компаниясы өндүргөн малерияга каршы дары. Бирок, бул дарыны бардык эле дарыгерлер жазып бере албайт. Аны бир гана аллергология, клиникалык иммунология, дерматовенерология жана ревматология, ошондой эле дарыгерлер 2 айга гана жазып бере алышат", - деген Адам Войтех.
Дүйнө жүзү боюнча коронавирус 350 миңден ашык кишиге жукту. Алардын 100 миңдейи сакайып кетти.
Эске сала кетсек, КРнын Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев ар кандай дары-дармектерди ичпөөгө чакырган.
Булак: NazarNews