www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

С.Исаков жаныча көз-караш менен иш алып баргысы келди. Бизге келе элек жаңылыктардын башын баштап коюп бирок бири да аягына чыккан жок. Эл аралык мекемелерде волонтер болуп иштеген студенттердей эле элес калтырды.

«Төрт перекрестокто камералар иштеп атат. Акылдуу шаар дорбоорунун алкагында»- дейт. «Баланын иши чала»- дегендей эле болду, кыскасы. Жогору жакта иштеген байкелерибиздин басымдуу бөлүгү камала турчу эле инсандар негизи. Арты тазалары аз. Иликтесе «иливоюнун» ит акмагы чыга түшөт. Исаковдун да катмар-катмар каталары бар да. Камалып кетиши то­лук мүмкүн. Исаковду көпчүлүк жаштар колдойт дегенге кошула албайм. Колдоп аткандар болсо, демек алар жаңы кадрга ачка болгондор эмес.

Себеби, Исаков жаңы деле кадр эмес да. Алардын көксөөсү эмне экенин билбейт экенмин. «Эскилерден» тажадык деп баарын кетирип жиберип, жаштарды алып келиш керек» деген болбогон кеп. «Тажадык силерден» дегенибиз менен шайлоодо кайра эле ушу кишилерди шайлап алып атабыз. Бирок ошол эле учурда жаңы жүздөрдү көргүбүз келет. Ал эми биз каалап аткан ошол жаңы жүздөр кол менен жасалбай, өз күчү менен акырындап пайда болуш керек. Буюрса, көз каранды болбогон, күчтүү мыкты жаштар көрүнө баштады.

Булак: Ачык саясат

Последние новости