www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тарых музейиндеги тарыхый буюм-тайымдар доор-доорго бөлүнүп, жыгачы өзүнчө, темири өзүнчө, кийизи өзүнчө, таш-топурагы өзүнчө болуп, заманбап тактачаларга, айнек такталарга коюлуп, температурасы, нымдуулуугу, жылуулугу, аба алмашуусу автоматташтырылып, жаркырап эле калыптыр. Бир беткей эле "ит болуптур" дегенден алысмын. Албетте, ага жараша заманбап техникалык жарак-жабдыктар колдонулуптур, арзан болбойт да аларың... Бирок! Жедеп, жеп көнгөн айрым чиновниктер, "ушинтип эле жасап берип, отуруп калмак белек, ботом?!" деп туруп, баалардан, айрыкча, эмеректен бир канча миллионду "ап" этип коюшуптур. Жөнөкөй эле отургучтар, жөнөкөй эле дивандарды "абдан мыктысын алдык" деп туруп билекти бир салып алышканын тергөө аныктайт деген ойдомун.

Ал эми тиги "Ак боз атка" келсек, ушул жерден катуу ашап ийишиптир. Ашаганы эчч нерсе эмес, биздин кыргыз айкелчи, бедизчи, скульпторлордун башын аттап, аларды ардантып, Европадан эшекке окшогон тигил картон-пластик-гипстен турган аттарды алдырып келгендери акылга сыйбайт! Мисалы, Токмоктогу Манап бий минип турган атты карагылачы, дүйнөдө эч бир аттын айкелин ошол Манап бийдин атына теңей албайм. Соорусу тоодой заңкайган, умасы кеседей болгон, чаткаягы Чаткалдай кадимки кыргыздын толуп турган айгыры!  Ошодой жасап бергиле десе, биздин колунан көөрү төгүлгөн кол өнөрчүлөрүбүз чекесинин терин аарчыбай туруп, 17 миң долларга эмес, 5 миң долларга кубанып, сыймыктанып, маашырлана жаскап бермек.  Баса, жасалбаса деле алдыгы "еврпоид" аттарга караганда музейдеги илгертен турган эки жээрде ат эле сонун болчу, алар дале музейде таңашып турушат, ооздуктарын катыра чайнап...

Тынчтыкбек Алтымышев, журналист

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости