www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга жаштар арасында белгилүү алып баруучу Самат Эркинбеков КР президенти Сооронбай Жээнбековдун кызы менен күйөө баласы уулу Алиаскардын тушоо тоюнда алып баруучулук кызматты аркалаганын өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты. 

Ал: "Ажобуз Сооронбай Шариповичтин жээн небересинин тушоо тоюнда той башкарыш мен үчүн чоң сыймык болду. Ажобуз өзү келе алган жок, бирок биринчи айым небересине бата тилеп отурду. Той ээлери Атабек менен Бактыгүл өтө жөнөкөй адамдар экен. А мен болсо өз стилимде шаңдуу кызмат кылдым. Кыргызда бир гана жакшылык болсун", - деп жазып калтырган Самат Эркинбеков.

Белгилей кетсек, президенттин кызы Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиевге турмушка чыккан.
 

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости