www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылы алгачкы жолу таза суу менен камсыз болду. Долбоор жергиликтүү депутаттардын демилгеси жана Кувейт мамлекетинин “ас-Салам” фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашты. Бул тууралуу Азатттык билдирди.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Жаңы-Арык өзүнчө айыл болуп бөлүнгөндөн бери таза суу маселеси чечилбей келген.

Чет өлкөлүк өнөктөш бөлгөн каражатка төрт чакырым түтүк тартылып, эски суу скважинасы тазаланып, айылга таза суу кирди.

Буга чейин эл өзү казып алган кудуктан суу ичип келди.

Келечекте ушундай эле долбоор Пристань-Пржевальск шаарчасында да ишке ашырылганы жатат.

Таза суу маселеси - Кыргызстандын социалдык жашоосундагы негизги көйгөйлөрдүн бири. Азия өнүктүрүү банкы бул максатта ири насыя бөлгөн, бирок кийин ал каражат максатсыз пайдаланылганы тууралуу маалымат чыккан.

Булакк: NazarNews.kg

Последние новости