www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин мамлекетибиздин, экономикабыздын алсыздыгын айрым саясатчылар өз пайдасына колдонуп кетип жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Самат Исманов билдирди.
Анын айтымында, көпчүлүк саясатчылар популизм менен алектенгенди жакшы көрүшөт.
--"Тигил жакка барып сүрөткө түшүп, бул жакка барып сүрөткө түшүп, өзүн көрсөтүп, "мен бул ишти кылып атам", "мен фонарь илип койдум" дейт. Фонарь илүү саясий партиянын иши эмес, фонарь илүү, жол жасоо - мамлекеттин иши. Мамлекет жасашы керек, алар эбактан эле болушу керек. Аны жасап, элге жаңылык катары көрсөтпөө керек. Бирок биздин экономикабыз алсыз болгондуктан, майда иштерди кылып коюп, ошону мактанып көрсөтүп жатышат. Ошону айрым саясатчыларыбыз колдонуп атат", - дейт эл өкүлү.
Булак: NazarNews.kg