www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин мамлекетибиздин, экономикабыздын алсыздыгын айрым саясатчылар өз пайдасына колдонуп кетип жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Самат Исманов билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк саясатчылар популизм менен алектенгенди жакшы көрүшөт.

"Тигил жакка барып сүрөткө түшүп, бул жакка барып сүрөткө түшүп, өзүн көрсөтүп, "мен бул ишти кылып атам", "мен фонарь илип койдум" дейт. Фонарь илүү саясий партиянын иши эмес, фонарь илүү, жол жасоо — бул мамлекеттин иши.  Мамлекет жасаш керек, алар эбактан эле болуш керек. Аны жасап, элге жаңылык катары көрсөтпөш керек. Бирок биздин экономикабыз алсыз болгондуктан, майда иштерди кылып коюп, ошону мактанып көрсөтүп атышат. Ошону айрым саясатчыларыбыз колдонуп атат", - дейт ал.

Ал ошондой эле айрым кесиптештерин чымчып өттү.

"1 литр банкага 1 литр эле суу батат да. Бизде болсо, көп саясатчылар 1 литр банкага 3 литр суу куюп алышкан. Анысы ашып-ташып, өзүнө төгүлүп. Мен көп бакырсам, көп сүйлөсөм, макал-лакап менен "красиво" сүйлөп салсам, эл мени жакшы көрүп калат" деп ойлошот. Элдин жүрөгүнө тийген сөздү айтышат. Элдин ичи-койнуна кирип, добуш алат. Эл алданып шайлап коет, бирок парламентке келип деле бакылдап отурат. Бакылдаган менен жыйынтык жок болуп атпайбы", - деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости