www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева, Эл аралык кылмыш сотунун прокуроруна жарандык коомдун атынан кайрылуу даярдалып жатканын жарыялады.

Ал чек арадагы чыр-чатакка укуктук баа берилип, Эл аралык Кылмыш Сотунун прокурору тарабынан көз карандысыз иликтөө жүргүзүлүп, кылмышкерлер аныкталып, сот жообуна тартылышы керектигин жазган.

--"Азыр биз далилдер базасын, окуялардын хронологиясын чогултуп жатабыз. Мен болсо укуктук аспектилерди жаза баштадым. Бул өтө татаал жана узак процесс, күн, жума талап кылынат. Айрыкча кырдаал күн сайын өзгөрүп турат. Сураныч, фейк маалымат таратпаңыз, ишенимдүү гана маалымат менен бөлүшүңүз. Эми бардык мыйзам бузууларды документтештирүү керек, анан анализ жүргүзгөндөн кийин гана Эл аралык кылмыш сотуна кайрылуу жөнөтүү өтө маанилүү", - деп жазган.

Ал кошумчалагандай, бул өтүнүч мамлекеттик органдардан эмес, жөнөкөй жарандардан болот.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости