www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фрунзе районунда өзбек жаранына 4 киши кол салып, машинага отургузуп, токойго алып барышкан. Ал жерде аны тапанча менен коркутуп, жабырлануучуну банктык эсебинен акчалай каражатын өз эсептерине өткөрүп алышкан. Бул тууралуу бүгүн орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, Фрунзе районунда 25-ноябрда полицияга Өзбекстандык 1985-жылы туулган жарандан өзүн белгисиз жарандар уурдап алып барып, андан соң сабап, тоноп кетишкендиги жөнүндө билдирүү түшкөн.

Жабырлануучунун айтымында 4 белгисиз адам аны “ВАЗ-211150” унаасына отургузуп, токойго алып барып сабашкан жана бычак-тапанча менен коркутушуп, өз эсептерине 35 миң рубль өлчөмүндөгү сумманы банктык эсепке котортушкан.

Андан кийин кылмышкерлер жабырлануучуну “Ломоновская” метросуна түшүрүп из жашырышкан. Укук коргоо органдары бул факты боюнча териштирүү ишин башташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости