www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кечээ, 25-ноябрда болуп өткөн митингде катардагы жарандарга, жарандык активисттерге сөз берилген жок! Буюртма митинг экени көрүнүп, Райымбек Матраимов үчүн гана чыкканы билинип калды. Митингдин эрежеси боюнча аянтта резолюция кабыл алынышы керек эле? Алар тилекке каршы “Раим камалсын” деп ичке үндөрү менен кыйкырып-кыйкырып кетип калышты! Биринчиден президент «камагыла» деп буйрук бергенге укугу жок, силердин көзүңөргө Жээнбеков Атамбаев болуп көрүнүп атабы? Көнгөн экенсиңер, мыйзамсыз жашоого, ага мыйзам жол бербейт.

Кечээ, бүт тармактагы коррупция жана башка коррупционерлер боюнча ачуу чындыктар айтылат деген үмүт болгон. Кечээги митинг кыскасын айтканда жамгырдан кийин чыккан «РАДУГАНЫ» сүйгөндөр үчүн арналып, кызыкчылык башка тарапта экендиги көрүнүп калды. Митингдин артында турган «шептерине» бийлик тез арада чара көрүп, эшекке мингизүүсү зарыл.  Антип түстүү чатырларды көтөрүп чыгып, кыргыз элинин намысына шек келтирди".

Ага кошумча Аманбол Бабакулов, «Болуп өткөн митинг менин кыжырымды кайнатты. Чачтары түркүн түстүү. Качан кыргыздын эркектери сөйкө тагып, мышыгы менен итин жетелеп, элин коргоп митингге чыкты эле. Бул акмакчылык! Жаштардын көбү эч нерсе түшүнбөйт! ЛГБТдин түсүн чагылдырган кол чатырларды көтөрүп жүрүшөт. Митингге эмнеге чыкты, аны өздөрү да билишпейт. «Раим камалсын» деп кыйкырып, кыйкырып кетип калды, эмне Кыргызстанда Райымбек Матраимовдон башка коррупционер жокпу? – дейт Аманбол Бабакулов.

Эске сала кетсек, кечээ 25-ноябрда Ала-Тоо аянтында митинг болуп өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости