www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары Искак Масалиев, Жанарбек Акаев жана Рыскелди Момбеков иштеп чыккан «КР Президенти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору 4-ноябрдан тартып коомдук талкууга коюлду.

Бишкекте өткөн талкууга Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, Темир Сариев, Феликс Кулов сыяктуу партия лидерлери, саясатчылар жана коомдун өкүлдөрү катышты. Ошентип жыл этектеп, жаңы жыл жаңыра электе эле Жогорку Кеңешке шайлоо тууралуу өтө маанилүү иш аракеттер коомчулуктун бүйүрүн кызыта баштады. Турмуштан өткөн улуу устат, улуу академия жок эмеспи. Парламент алсыз начар болсо өлкө да өнүгүү жолуна түшө албастыгын турмуш тастыктады. Коомдогу кайсыл бийлик болсо да чөнтөк парламент болоору далилденди. Буга алыс барбай эле акыркы чакырылыштагы парламентти мисал келтирүүгө болот. Мисалы, Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиевди отставкага кетирүү демилгеси бышып жетилээр менен башка жактан бир көрсөтмө болоор менен ал демилге жалп өчтү. КТРдин байкоочу кеңешинин мүчөлөрүнүн шайлоо учурунда түшкө чейин Чынаркүл болсо, түштөн кийин Атыркүлдү шайлап, парламент шамал айдаган жакка оогон, позициясы жок, жалтаң, күнкор экенин таасын көрсөттү. Дегинкиси депутаттардан Өмүрбек Текебаев, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев, Искак Масалиев, Алмамбет Шыкмаматов, Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко, Кенжебек Бокоев, Мирлан Жээнчороев, Тариел Жоробеков сыяктуу гана депутаттар өз позициялары, көз караштары бар депутаттар экендиктерин көрсөтүштү. Парламенттин негизги корпусун өзү түзгөн мурдагы президент Алмаз Атамбаев "чимкирик" деп атап этикасыздыгын көрсөттү. Өлкө башчысы адепсиз сөз айтпай эле башкача атап, баа берсе деле болмок, сыягы бул азыркы саясый элитанын деңгээлин көрсөтүп койду окшойт. Ырасында эле депутаттар карапайым элдин көйгөй, мүдөө талабынан алыс болуп, партиялык топтор бийликке гана кызмат кылып келгендей эле кабыл алууда. Ошондуктан, эл-журтта парламентке ишеним аз. Дээрлик бай, көпөстөр базарчылардан, олигархтардан куралган парламент калың журттун көйгөйү үчүн чындап күйбөйт. Көпчүлүк учурда элдин көйгөйү парламентке угулбай, вакуум пайда болду. Андыктан, кайрадан нааразылыктар, көйгөйлөр адамдарды көчөгө алып чыга баштады. Эми жыл жаңырып, саясый турмуш күчөй баштаганда саясый турмуш ого бетер жанданып, активдеше баштайт. Саясый партиялар, депутаттар мындан төрт жыл мурдагыдай эле элге кайрылып келип, журт аралап, элге күйүмүш түр көрсөтө баштайт. Мен билгенден көп эле карапайым адамдар ар кандай көйгөйү менен парламентке барышат бирок көпчүлүгү Ак үйгө кире алышпайт. Депутаттардын жардамчылары эле телефондон муздак сүйлөшүп, оолактап, адамдарды жолуна салышат. Мисалы мен парламентке барганда депутаттардын Садык Шер, Тариел Жоробеков, Рыскелди Момбеков дайым кабыл алышат. Өзгөчө Рыскелди Момбековдун адамгерчиликтүү, илбериңки жардамчысы Айзирек ар дайым жылуу кабыл алууну уюштурчу эле, ал иш которуп кетиптир. Ал эми мурда жакшы эле Болот Шердин 10 жылдай коомдук жардамчысы болуп, парламентке күбөлүк менен каалагандай кирип чыкчубуз. Дегинкиси парламент президенттик администрация жайгашкан имараттан сырткары жайгашуусу керек экендигин турмуш көрсөттү.

Антпесе партия деген саясый коргон менен корголуп, элден бөлүнүп калган саясый партиялардын депутаттарын Ак үйдөгү күзөт кызматы эки жерден текшерип, кайтарып калың элди кабатыр кылып, ого бетер ажырым кылып койду.

Мындайда эл өз көйгөйү менен өзү калды, ошондуктан элде парламенттин кадыр-баркы азайды. Эмгек акынын аздыгы, ундун кымбаттыгы, электр энергиясынын 700 киловаттын көп пайдаланганда 2 сом 14тыйын бойдон калышы, бюджеттик кызматкерлердин кесиптик деңгээли төмөн чиновниктер тарабынан эсирип кескин кыскартуулары, коррупциянын гүлдөп өсүшү, жогорку бийлик эшалонундагылардын ал социалдык илдетке кайдыгер карашы, бюджетке урулган соккуга болгон кайдыгерлик сыяктуу көйгөйлөргө профсоюз уюмдары сыяктуу эле парламент да кайдыгер чечкинсиз абалда. Легендарлуу депутат, саясатчы Өмүрбек Текебаев ошол талкууда чет өлкөлөрдөгү парламенттердин турмушуна талдоо жүргүзүп, өлкөбүздөгү азыркы парламенттин 70-80 пайызы көпчүлүгү жаштар жана алгачкы жолу шайланган депутаттар экенине токтолуп, кеп жаштарда эмес, кеп депутаттардын курамынын сапатында экенин турмуш көрсөттү, ошондуктан азыркы депутаттарга коомчулукта ишеним аз, бедели төмөн» деди. Анын тыянагында жаш курагы 55 жаштан 60 жаштын тегерегиндеги депутаттар дүйнөлүк тажрыйбада турмушка каныккан, акыл ою бышкан, күч кубатка, жигерге ээ инсандар экен. Азыркы учурда Гераманияда, Италияда парламенттик шайлоого кырктын тегерегинде партия шайлоого катышып, анын ичинен 5-6 партия белгиленген чекке жетип, парламентке келишкен. Демек, парламенттеги демократиялык принциптердин өнүгүшүнө зор өбөлгө түзүлөт деди ал. Белгилүү саясатчы Адахан Мадумаров эгер 9 пайыздык чек 5 пайызга түшпөсө коомдо нааразылык жаралып, революциялык кырдаал болот деп кооптондуруп, сестендирген билдирүүсүн айтты. Ал эми Өмүрбек Текебаев болсо өлкө бийлиги, асыресе президент коомчулуктагы болуп жаткан процессти түшүнүү менен кабыл алып, калктын басымдуу бөлүгү колдоп жаткан демилгеге реакция жасаарынан үмүтү бар экендигин билдирди. Анткени, Сооронбай Жээнбеков деле бийлик башына кокустан келип калган саясатчы эмес, 2007-жылдан тартып, 2010-жылга чейин оппозицияда жүрүп, саясаттын кыйын кезеңдерин баштан өткөргөн инсан эмеспи. Ошентип келээрки шайлоодо күчтүү, демократиялык өнүктүргөн парламент келеби же олигархтардын курамы парламенттин негизин түзөбү убакыт көрсөтөт.

Козубек ИМАНКУЛОВ

Булак: "Факты.kg"

 

 

 

Последние новости